Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

"Трампка окшош". Польшада шайлоодо Навроцкий жеңди


Кароль Навроцкий.
Кароль Навроцкий.

Польшада 1-июндагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында консерватор Кароль Навроцкий саясий атаандашы, либерал Рафал Тшасковскийди жеңди. Навроцкий шайлоодо АКШ лидери Дональд Трамптын стратегиясын колдонгонбу? Анын жеңиши аймактык саясатка кандай таасир этет?

1-июнда Польшада өткөн президенттик шайлоодо консервативдүү талапкер Кароль Навроцкий күтүлбөгөн жеңишке жетти. Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Навроцкийди шайлоочулардын 50,89%, ал эми анын атаандашы либерал Рафал Тшасковскийди 49,11% колдоду. Экинчи айлампада ага шайлоочуларын 71,63% добуш берди.

Навроцкийдин жеңиши Польшадагы либерал өкмөт менен консерватор президенттин тирешин дагы улантышы ыктымал. Өлкөнүн премьер-министри Дональд Туск Тшасковскийдин жакын өнөктөшү экени белгилүү.

42 жаштагы Навроцкий аймактагы евроскептик лидерлерден, тагыраагы, Словакиянын жана Венгриянын өкмөт башчылары Роберт Фицодон же Виктор Орбандан айырмаланып, Украинага согушта жардам көрсөтүүнү колдойт. Ошол эле кезде ал Украинаны НАТОго чакырууга жана Евробиримдикке кошулушун тездетүүгө каршы чыгып келгени менен да белгилүү.

"Навроцкий Орусиянын империалисттик амбициясына каршы чыга алат. Ал НАТОну жана АКШ менен болгон союзду бекем колдогон саясатчы катары белгилүү. Демек, Польша аймактагы активдүү ролун улантат. Ошондой эле ал Украинага Орусияга каршы күрөшүндө колдоо көрсөтөт", — деген пикирде Варшавадагы Европа Коллежинин стратегия жана эл аралык мамилелер боюнча профессору Славомир Дембский.

"Бирок Навроцкийдин жеңиши Украина президенти Владимир Зеленскийдин Польшага, тактап айтканда, мөөнөтү аяктаган президент Анжей Дудага көрсөткөн ачыктан-ачык сыйлабастыгына карата реакция да болду. Айрыкча, 2023-жылы БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Зеленский Польшаны Орусия менен салыштырып, көпчүлүк поляктарды нааразы кылган. Навроцкийдин шайлоочулары үчүн бул кабыл алынгыс нерсе болду. Украина Польша тараптан толук колдоого мындан ары ишене албайт", —деп кошумчалады профессор.

Бул шайлоодо көпчүлүк Варшаванын мэри Рафал Тшасковскийдин жеңишин божомолдошкон. Бирок жыйынтык таптакыр башкача болду.

Шайлоо учурундагы баннер, Польша.
Шайлоо учурундагы баннер, Польша.

2020-жылдагы президенттик шайлоодо Анжей Дудадан аз гана айырма менен жеңилген Тшасковский быйылкы шайлоодо негизги фаворит катары каралып келген.

Эки жума мурун өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда ал 31,3 пайыз добуш менен алдыга чыккан. Бирок Навроцкий андан болгону эки пайызга гана артта калып, шайлоочулар арасындагы кеңири колдоону көрсөтө алган. Үчүнчү жана төртүнчү орунду Навроцкийден да консервативдүү талапкерлердин ээлегени шайлоонун жыйынтыгында күтүлбөгөн бурулуш болорун алдын ала кабарлап турган.

Кызыгы, соңку апталарда Навроцкий тууралуу медиада жарыяланган терс маанайдагы материалдар да анын популярдуулугуна таасир эте алган жок. Тескерисинче, алар аны коомчулукка "системага каршы турган" талапкер катары көрсөтүп, колдоону күчөттү.

Көпчүлүккө анча таанылбаган тарыхчы Кароль Навроцкий буга чейин Гданскидеги Экинчи дүйнөлүк согуш музейин жана Улуттук эс тутум институтун жетектеген. Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө ал футбол күйөрмандары арасында мушташтарга катышканы, неонацисттер менен байланышы бар деп айыпталганы, улгайган адамды алдап, батирди арзан баага алууга аракет кылганы айтылды. Ошондой эле мурда күзөтчү болуп иштегенде деңиз боюндагы мейманканада меймандар үчүн сойкуларды алып келип турган деген да айыптоолор айтылды.

"Трампка окшош"

Кароль Навроцкий көпчүлүк дооматтарды "жалаа" деп четке кагып келет. Ал АКШнын президенти Дональд Трамптын ыкмасын колдонуп, медианы "либералдык жана бир жактуу", калктын үнүн укпайт деп айыптады.

Польшанын шайланган президенти АКШ лидери Дональд Трамп менен быйыл май айында жолуккан.

Навроцкийдин шайлоо штабы АКШдан алган күчтүү колдоосун, анын ичинде Польшада өткөн Консервативдик саясий аракеттер конференциясында (CPAC) Кошмо Штаттардын Ички коопсуздук министри Кристи Ноэмдин колдоосун баса белгиледи. Ноэм Навроцкийди Трампка окшоштурган.

АКШны колдогон жана Вашингтонду эң маанилүү өнөктөшү катары караган, аймагында 10 миңден ашуун америкалык аскер жайгашкан Польшада мындай колдоо өтө маанилүү.

Польшада негизинен президенттин ыйгарым укуктары чектелүү, бирок ал кайсы бир мыйзамдарга вето коюп, өкмөттүн ишине кийлишиге алат.

Польшанын азыркы президенти Анжей Дуда бойго бүтүрбөөчү каражаттарды рецептсиз жеткиликтүү кылуу жана Силезия аймагынын тилин азчылык тили катары расмий таануу сыяктуу демилгелерге вето салууга жетишти.

Дуда ошондой эле аборт боюнча либералдуу мыйзамдар анын үстөлүнө келсе вето коюларын айтып коркуткан. Эми Навроцкийдин өкмөтү Дональд Туск сегиз жылдан бери убада кылган сот реформаларды ишке ашырууга чектөө киргизери күтүлүүдө.

Бул жылдарда Брюссел менен Варшава ортосунда көп пикир келишпестиктер болуп, Евробиримдик Польшаны сот тутумун саясатташтырып жатканын айтып, сотко берген учурлар да болгон.

Тусктун бийлигине кооптуу учурбу?

Эми Тусктун кеңири коалициясы канчага чейин сакталары тууралуу суроо жаралды. Анын курамында “Жарандык платформа” (PO) менен катар солчул жана андан да консервативдүү агрардык партиялар бар. Өкмөттүн эки жыл мурун убада кылган олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыра албай жатканы элдин ишеними азайганына себеп болду.

Чындыгында Навроцкийдин ийгилиги көп жагынан элдин өкмөттөн көңүл калуусуна байланыштуу болушу мүмкүн. Анын партиясы 2027-жылы боло турган жалпы шайлоого катыша албашы мүмкүн, бирок эртеби-кечпи толук бийликке ээ болоруна ишеними пайда болду.

Акыркы бир нече шайлоодо айрыкча Австралия, Канада жана Румынияда либерал же солчул-борборчул саясатчылар жеңишке жеткенден кийин АКШ президенти Европадагы маанилүү өлкөлөрдүн биринде өткөн бул шайлоодо роль ойногон көрүнөт.

Трамп үчүн Варшавада Навроцкий менен иштешүү Брюссел, жаңы шайланган Германия канцлери Фридрих Мерц жана Франция президенти Эммануэл Макрон менен байланышты чыңдоого умтулган Тускка караганда алда канча ыңгайлуу болду.

Польша бул өзгөрүүлөрдүн шартында кайсы багытта өнүгөрү азырынча белгисиз. Бирок Туск Европа Биримдигин кеңейтүү жана континенттеги коопсуздук саясаты боюнча талкууларда айрыкча коргонууга эң көп каражат короткон өлкө катары мурдагыдай "салмактуу фигура" боло албай калышы мүмкүн.

Аймакты кандай өзгөрүүлөр күтөт?

Кээ бирлер Польша акырындык менен Венгрия жана Словакия сыяктуу өлкөлөргө ыктап баратат деп кооптонушат. Күзүндө парламенттик шайлоо өтө турган Чехия да ушул багытты тандашы мүмкүн. Бул мамлекеттердеги популист саясатчылар көп учурда Европа Биримдиги менен кайчы пикирге келип, өз алдынча саясий багыт карманууга умтулат.

Ошол эле учурда Навроцкий Москвадан чоң колдоо күтпөйт өңдөнөт. Буга бир канча себеп бар.

Навроцкий Польшадагы Кызыл Армиянын бир нече эстелигин бузууга жооптуу болгон. Орусия муну кылмыш деп эсептеп, 2024-жылы ага издөө жарыялаган.

Украинада Навроцкийдин жеңиши аскердик жана дипломатиялык колдоодон тышкары айрым кооптонууларды жаратат.

Навроцкий Польшада жашаган украин жарандарына берилүүчү айрым социалдык жардамды кыскартууну колдой турганын ачык билдирген. Ошондой эле ал украин айыл чарба продукциясынын көлөмүн эске алып, Украина Европа Биримдигине кошула электе польшалык дыйкандардын турмушу биринчи кезекте корголушу керек деп айтканы бар.

Демек, Польша Москвага карата мурдагыдай катуу позициясын сакташы мүмкүн, бирок ички маселелерге көбүрөөк көңүл бура башташы ыктымал . Өз учурунда бул Киев үчүн анча жагымдуу эмес өзгөрүү болот деген божомолдор бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG