
Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндөгү Арпа, Сөөк жайлоолорунда кар жаап, чабандар айылдарга жакын ылдыйкы конуштарга журт которушту. Бул жолу жааган кардың калыңдыгы 25-30 сантиметрге чейин жетип, койлор талаадан от таап жей албай калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) мындай аба ырайы жылда эле кайталанарын, бул жолу жааган кардын эрип кетиши кечеңдегенин айтып жатат. ӨКМ малчыларга тоют жеткирип берди.
Арпа жайлоосун жайлагандардын көпчүлүгү элдин малын алып киреше таап, тиричилик өткөргөн чабандар. 31-майдан тартып жааган кар азыр да токтобой жатат деди өзүн Динара Бабаева деп тааныштырган Казыбек айылынын тургуну:
“Бизде дагы деле кар жаап, туман болуп турат. Кар эрип кете элек, айлананын баары аппак кар. Азыр биз ичкенге таза суубуз жок, жакын жердеги чек ара заставасына баратабыз. Мал баскан жердеги карды эритип ичкенге болбойт экен. Кээ бир үйлөрдө жаш балдар бар, аябай эле кыйын болуп жатат. Жылда мындай учур болот эле, бирок аз убакыттын ичинде кар эрип кетчү. Азыр биздеги малдын ээлери да колунан келгенин алып келип берип жатышат. Элдин малын алгандан кийин бул жоопкерчилик да. Буга чейин жергиликтүү бийлик чөп алып келип берди. Чоң жолго түшүрүлгөн тоютту айыл өкмөттүн техникасынын жардамы менен унааларды чиркештирип, чөптү короого араң жеткирдик”.
Жай мезгилиндеги жааган кар малчыларды түйшүккө салып, ал тургай чыгымга да учуратып жатыптыр.
Дагы бир чабандын жубайы Махабат элдин 500дөн ашык коюн жолдошу экөө карап жатканын билдирди. Анын айтымында, ар бир короодо чыгым болду.
“Бирөөнүн 50 кою болсо дагы бирөөнүкү 100 дегендей эле элдин малы. Чыгым болуп жатат, биздин короодон эле бир улак, алты козу өлдү. Кар козунун бою менен барабар болду да. Аларга суук өтүп кетет экен жайдын күнү болгон үчүн, суу кар жаап жатат да. Менин кошунамдан эки кой, төрт козусу өлдү. Биз бир койду сексен сомдон багабыз. Мына, кардын ушинтип турганына бешинчи күн болуп жатат”, -деди Казыбек айылынын тургуну Махабат.
Нарын облусу мал киндиктүү, элдин 70-80% мал менен тиричилик өткөрүп келет. Мал баккан чабандар облустун айрым жерлеринде кар калың түшүп, жылкы да от алып жей албай калганын айтууда.
Мал багып киреше тапкандын түйшүгү көп болуп жатканын Шайлообек Алишер уулу да айтууда. Ал өзүнүн койлоруна кыштоодон барып чөп алып келиптир:
“Биз мал баккандын ысык-суугун, жамгыр-карын көрүп эле жүрөбүз. Айрым учурда малды жоготуп да аласың. Өлүп калган малды төлө дегендер болуп жатат. Эми төлө десе төлөйбүз да, биз анын жоопкерчилигин алып келгенбиз. Азыркы учурда отун-суубуздун баары кар алдында калып, от күйбөй, ысык чай да иче албай жатабыз. Эми мунун баарын элге айтыштын деле кереги жок. “Сени бирөө мал бак дедиби” дегендер да чыгат да".
Мындай көрүнүш Нарын облусунун Ат-Башы жайлоолорунда жыл сайын кайталанып турат. Бирок быйыл төрт күн катары менен кар жаап, жайлоодогу майда жандык жерден от жулуп жей албай калган. Нарын-Торугарт жолунун жээгине жайланышкан малчыларга да тоют жеткирилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына телефон аркылуу байланышка чыккан чабан 1500гө чукул кою менен Ат-Башы районунун Сөөк жайлоосунда калып кеткенин кабарлаган.
“Чыныбек Султанов деген чабан биздин облустук башкармалыктын ыкчам нөөмөтчүсүнө кайрылган. Ал кар калың жааганын айтып, койлору баса албай, жол да таба албай калганын айтып, "жол ачып берип койгула" деген өтүнүчүн айткан. Биз жарандар менен чогуу ал кишини бир күн кечке издеп, араң таптык. Ал жайгашкан жайлоо облустан 140 чакырым алыстыкта жайгашкан. Арпанын талаасында жайдын күнү адам адашат. Ал эми азыркыдай шартта кар жааган учурда эч нерсе билинбей, булуттай эле болуп тура берет. Ал күнү туман да түшүп турган. Дагы жакшы, чабан жүргөн аймакта байланыш болгондуктан бизге турган жериндеги дарегин жиберип, ошол аркылуу таптык. Биз техника менен жол ачып, ачылган жол менен анын 1500 баш кою тоют бар жерге жеткирилди. Өздөрүнүн ден соолугу жакшы, эч кандай чыгымга учураган жок”, - деди ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын жетекчи орун басары Бакытбек Алыкеев.
Теңир-Тоону жайлаган малчылар үчүн мындай түйшүк көндүм эле. Бирок быйыл үч-төрт күндөп катары менен кар жаап, көпкө эрибей жатып калган.
Алар күндүн көзү көрүнүп, кар эрип кетсе деп турушат. Антпесе жүздөгөн койду айдап, элдин малын баккан чабандар чоң чыгымга учурап калышы мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түзүлгөн абалды көзөмөлүнө алып, байланышта болуп жатканын маалымдады. Зарыл учурда жем-чөп жеткирип берерин жергиликтүү бийлик билдирди.