Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

ИИМ: Айзиректин күйөөсүнүн куралы текшерилбегени үчүн айрым кызматкерлер жазаланды


Айзирек.
Айзирек.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети 3-июндагы жыйынында Ош облусунда бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесине баргандан кийин күйөөсүнүн колунан мерт болгон Айзирек аттуу келиндин ишине байланыштуу маалымат берилди.

Ички иштер органдарынан маалымат алууну депутат Айсулуу Мамашева сунуштаган. Ал ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевден маркумдун күйөөсүнүн куралынын таржымалын сурады.

ИИМдин өкүлү бул курал буга чейин каттоого алынбаганын, текшерилбегенин бышыктап, буга байланыштуу айрым кызматкерлер жазаланганын билдирди.

"Куралдын номерлери өчүрүлгөнүнө байланыштуу текшерилип жатат. Бирок ал бул курал чоң атасынан калганы тууралуу маалымат берип жатат. Бул курал кандай жагдайда, качан келгени териштирилип жатат. Шалаакылык кылганы, убагында бул курал-жаракты текшербегени үчүн бир канча кызматкер жоопко тартылды. Мыйзамсыз курал-жаракты тактоо боюнча жумуштарды такай жүргүзүп келебиз. Алынган маалыматтардын негизинде кээ бир үйлөргө тинтүү жүргүзүп, жылына бир топ курал-жарак алынып турат",-деди Абдиев.

Абдиев келиндин өлтүрүлүшүнө байланыштуу кылмыш ишти тергөөнүн алкагында учурда күбөлөр сурак берип жатканын билдирди. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу анын чоо-жайы тууралуу иш сотко өткөндө кеңири маалымат берилерин белгиледи.

26-май күнү Өзгөндөгү Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин Айзирек аттуу келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аны атууга шек саналып күйөөсү, Кара-Кулжа районунун тургуну камакка алынган. Маркумдун артында беш баласы калды.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.

Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон.


Шерине

XS
SM
MD
LG