Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Кой-Таш окуясы: Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков жана Ирина Карамушкина жети жылга соттолду


Фарид Ниязов сотто көрсөтмө берүүдө. Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 17-апрель, 2025-жыл.
Фарид Ниязов сотто көрсөтмө берүүдө. Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 17-апрель, 2025-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 3-июндагы өкүмү менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда кызмат орундарын ээлеген, анын тарапташы болгон 20 чакты киши боюнча өкүмүн жарыялады.

Кой-Таштагы 2019-жылдагы окуя боюнча Атамбаев өзү сыртынан 11 жыл 6 айга кесилди, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу, мүлкүн мамлекетке алуу түрүндөгү жаза чегерилди.

Ал эми Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязовду, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбековду сот ар бирин 7 жыл 8 айдан жана Ирина Карамушкинаны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Үчөөнү тең сот залынан кармап кетишти.

Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиевге 5 жыл 6 ай чегерилди.

Канат Сагымбаев, Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев 3-5 жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү жаза алышты.

Ал эми коррупция тууралуу айыптар боюнча мурдагы вице-премьер-министр, эл аралык издөө жарыяланган Аскарбек Шадиевге 15 жыл 6 ай берилди. Анын да мүлкү мамлекеттин пайдасына чегерилери белгиленди.

Калган айыпталуучуларга "мөөнөтү өттү" деген негизде жаза чегерилген жок.

Биринчи май райондук соту Атамбаевге жана дагы айрым кызмат адамдарына, анын тарапташтарына козголгон бир нече ишти бириктирип карады. Биринчиси Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуудагы, экинчиси Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу коррупция жана үчүнчүсү 2019-жылдагы аны Кой-Таштагы үйүнөн кармоо учурундагы бир адамдын өлүмү менен коштолгон башаламандык фактылары боюнча.

2019-жылы аны колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон. Ошол маалдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге Жазык кодексинин "Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук", "Массалык башаламандык уюштуруу", "Киши өлтүрүү", "Кылмышка аракеттенүү", "Барымтага алуу", "Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренелери боюнча айып тагылганын билдирген.

Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу да иш козголгон. Ал боюнча быйыл 17-апрелде Биринчи май райондук соту мурдагы президентти күнөөлүү деп тапкан, бирок мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза чегерген эмес.

Атамбаев борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү иштери боюнча да айыпталган. Биринчи май райондук сотунда 2022-жылы актаган өкүм чыккан.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG