Украинанын 1-июндагы дрон соккулары Орусиянын бир нече регионунун тургундарын нес кылды. Сибирдин тургундары жарылууларды “от күйгөн тозок” деп сүрөттөп, согуш аларга да жеткенин айтып жатышат. Орусиялык Телеграм-каналдар дрондор менен жарылуулар тартылган видеолорду чыгарууда.
Иркутск облусундагы Буреть айылынын тургуну Роман "Белая" аскердик базасына чабуул кеминде бир жарым саатка созулганын "Сибирь.Реалии" сайтына айтып берди.
"Мен бир жарым саат бою дүрбүдөн чабуулду карап отурдум. Үрөй учурган окуя кечки саат бештен өткөндө башталды. Адегенде тарс деген бир добуш угулуп, асманга кара түтүн көтөрүлдү. Кайрадан учак кулады деп ойлодум. Анткени эки ай мурун ошол аба майданда бомба таштаган учак кулап түшкөн. Андан кийин төрт катуу жарылууну көрдүм. Ар биринен кийин калың түтүн каптап жатты. Транспорт учагына тийгенде бүтүндөй аэродромду өрт чалып, алоологондой көрүндү", -деп айтып берген жергиликтүү тургун.
Эксперттер бутага аскердик гана жайлар алынганын, жарандык инфраструктура жабыркаганы тууралуу маалымат түшпөгөнүн белгилеп жатат.
Орусиянын Коргоо министрлиги Мурманск, Иркутск, Иваново, Рязан жана Амур облустарындагы аскердик аэродомдор чабуулга туш болгонун билдирип, муну “Киев режиминин теракты” деп атады. Мекеме Иваново, Рязан жана Амур чөлкөмдөрүндө соккулардын мизи кайтарылганын кошумчалап, эч ким жабыркабаганын билдирди.
Украинанын коопсуздук кызматы ошол эле күнү Орусиянын Сибирдеги авиабазасына чабуул коюлганын социалдык тармактарга жазган.
Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын аэродромдоруна чабуул жасоого 1,5 жыл даярдык көрүлгөнүн билдирди. "Желе" деп аталган атайын операцияны ишке ашырууга бардыгы болуп 117 дрон колдонулганын маалымдап, атайын кызматтын жетекчисине ыраазычылыгын айтты.
"Бул абдан уникалдуу операция болгонун толук ишеним менен айта алам. Эң кызыгы, эми муну жашырбай эле айта берсем болот, операцияны ишке ашыруу штабыбыз Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын регионалдык бөлүмүнүн жанында жайгашкан", -деген Зеленский.
Украин коопсуздук кызматы канаттуу ракеталарды ташыган стратегиялык учактардын 34%, башкача айтканда 43 учак зыян тартканын, алардын болжолдуу баасы 7 млрд. АКШ долларына жетерин билдирди.
Эртеси Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин Дезинформацияга туруштук берүү борборунун жетекчиси Андрей Коваленко орусиялык 13 учак жок кылынганын, жабыркагандар андан көп экенин маалымдады.
Бул сандарды көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн боло элек.
Эксперттер Батыш Москвага санкция киргизгенин эске салып, көбү Советтер Союзу маалында жасалган стратегиялык учактарды калыбына келтирүү, оңдоо кыйын болорун белгилеп, айрымдар атүгүл муну "орус авиациясынын кара күнү"деп сыпаттап жатышат.
Соцтармактардын кээ бир колдонуучулары Орусия олуттуу зыянга учураганын белгилеп, эми анын Украинага мындан аркы чабуулдарынын күчү басаңдайт деп үмүттөнүшөт.
"Бир-эки күндөн кийин спутниктерден тартылган сүрөттөрдү көрө алабыз. Ошондо соккунун кесепетине баа берип, Орусия үчүн анын канчалык оор болгонун билүүгө болот. Бирок бул орус авиациясы үчүн кара күн болгону анык. Чынында эле 40 учак зыянга учураса, анда Орусиянын стратегиялык авиациясынын паркынын жарымы согуштук тапшырмаларды аткара албайт дегенге жатат. Чакан, арзан дрондор ири стратегиялык бомба таштоочу учактарга ушундай чоң сокку урду. Ар бир аскердик техниканын өзүнүн талылуу жери болот. Учактардыкы ал күйүчү май бактары. Пилотсуз учак ошол жерге консо, анда кымындай кумулятивдүү заряд жарылат жана бакты тешет. Анын кесепетин Оленегорск жана Белая авиабазадарда көрбөдүкпү. ТУ-95МС учактарынын кеминде төртөө өрттөнгөнүн көрдүк. Канаттуу Х-101 ракеталарын ташыган учактардын 95 пайызы ошол түрлөрүнө туура келет.
Эми орусиялыктар авиацияны жердеги системаларга алмаштырышы мүмкүн. Мисалы, “Искандер” баллистикалык ракеталарды, “Кинжал” ракеталарын ташыган МиГ-31 учактарын колдонушу ыктымал", - деп айтып берди Рейтер агенттигине авиация боюнча украиналык эксперт Валерий Романенко.
Украин атайын кызматына жакын булак айтып бергендей, пилотсуз учактарды Орусиянын аймагына жүк ташыган машиналарга жашырып ташып өткөн. Дрондор алыстан башкарылып турган.
Иркустк облусунун губернатору Игорь Кобзев жабдык фурадан атылганын, Сибирдеги жайлар буга чейин бутага алынбаганын социалдык тармактардагы баракчасына жазды.
2-июнда жергиликтүү жашоочулар облуста оор машиналар катуу текшерилип жатканын, бир нече чакырымга созулган кезектер пайда болгонун маалымдашты.
Анын алдында, ишембинин кечинде Брянскиде Москваны көздөй бараткан жүргүнчү поездге машина өтчү жолдогу көпүрө кулап, бери дегенде жети адам мерт болгон, 70тен ашык адам жараат алган, үчөөнүн абалы оор экени кабарланууда. Жекшембиге караган түнү Курскиде товар ташыган поезд өтүп баратканда темир жолдогу көпүрө кыйрап, үч адам жараат алган.
Орусиянын Тергөө комитетинин басма сөз катчысы Светлана Петренко теракт беренеси менен иш козголгонун билдирди.
"Тергөө комитетинин төрагасынын тапшырмасы менен Брянск жана Курск облустарындагы темир жолдордо болгон жардыруулар боюнча кылмыш иши козголду. Ал окуялар теракт деп сыпатталууда".
Ошол эле күнү Орусия кошуна өлкөсүнүн Днепропетровск облусундагы аскер полигонун ракета менен аткылаганда 12 адам мерт болуп, дагы 60тан көбү жараат алды. Мындан улам Куралдуу күчтөрдүн жөө аскерлеринин кол башчысы, генерал Михаил Драпатый отставкага кетүү арызын жазды. Командачылык атайын комиссия түзүп, иликтөө баштады.
Запорожье облусунда орусиялык дрондун соккусунан үч киши жаракат алып, бир нече турак жайга зыян келтирилгенин губернатор Иван Федоров билдирди.
Дүйшөмбүгө оогон түнү орус аскерлери Украинаны 80 дрон, “Искандер” баллистикалык ракеталар жана бир канаттуу ракета менен аткылаганын Украинанын абадан коргонуу күчтөрү кабарлады.
Ал ортодо Рейтер агенттиги украин делегациясынын Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө берчү сунуштарынын текстин жарыялады. Киев тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн ок атууну кеминде 30 күнгө токтотуу, согуш туткундарынын бардыгын айырбаштоо, аймактык талаштарды убактылуу жарашуу жарыяланганда гана талкуулоо шарттарын койгон. Муну менен бирге эл аралык коомчулук Орусия 2014-жылдын февралынан бери басып алган жерлерди Украинанын аймагы деп эсептери белгиленет.
Ал эми эки өлкөнүн лидерлери тынчтык келишиминин соңку вариантын макулдашуу үчүн жолугушушу мүмкүн.
Москва сүйлөшүүлөр алдындагы меморандумду ачыкка чыгарган жок. Буга чейинки маалыматтарга ылайык, Орусия Киевдин нейтралдуу статусун, орус тилине каршы мыйзамдарды жокко чыгарууну, аннексияланган Крым жана орус армиясы ээлеп алган 4 облусттагы райондордун үстүнөн көзөмөлүн таанууну талап кылууда.
Буга чейин делегациялар 16-майда Стамбулда АКШ жана Түркиянын арачылыгы менен жолуккан.
Шерине