Канышай Мамыркулованын иши боюнча эксперт-лингвист суралды. Эксперттин журналисттин соцтармактагы посттору боюнча чыгарган корутундусу бир топ суроону жаратып, айрым жагдайлар талашка түштү. Журналист өзүнө козголгон кылмыш ишинин маңызы жок экенин белгилеп, айыптарды четке какты.
Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына үч кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Кой-Таш окуясы боюнча сот Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискациялоого өкүм кылды. Атамбаевдин тарапташтарына да ар кандай жаза мөөнөттөрү чегерилди.
Президент Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштүн алкагында өлкө казынасына 200 миллиард сомдон ашык акча, 1100дөн көп кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөнүн билдирди. Өткөн жыл соңунда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү каралган мыйзам кабыл алынган.
Өзбекстан менен Тажикстандын президенттеринин аткаминер балдары Кремлде урмат-сый менен кабыл алынды. Эксперттер муну Орусиянын Борбор Азиядагы таасирин күчөтүү үчүн "ыктымал мураскорлор" аркылуу жүргүзгөн стратегиясы катары баалап жатышат.
Клооп Медианын кызматкерлери Абдил Төрөбаев менен Сымбат Баймурзаева сурак берип жатат. Кечээ журналисттер суракка алынып, экөө 48 саатка кармалды. Орусия Украинага 2-июнда Стамбулда сүйлөшүүнү сунуш кылды. АКШнын президенти Дональд Трамп украин жана орус лидерлери менен жолугушууга даярдыгын айтты.
Кара-Кулжада классташтардын 20 жылдык кечесине барган аялдын өлүмү коомчулуктун үрөйүн учурду. Kloop Медиа басылмасынын Бишкектеги жана Оштогу журналисттери суракка алынып, үйлөрү тинтилди. Газадагы cогушка 600 күн. Тилкеде 54 миңден ашуун киши набыт болду, барымтадагы 58 туткундун тагдыры белгисиз.
28-майда "Клооптун" оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалды. Басылманын журналисттери Айдай Эркебаева, Зыягүл Болот кызы жана мурунку кызматкери Зара Садыгалиева сурак берип чыкты. Укук коргоо органдары азырынча комментарий бере элек.
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө "кызыл чектен" чыгып кеткен делген үй ээлери сотко даттанышат. Алар мэриянын 26-майдагы чечимин "мыйзамсыз" деп эсептеп, "Жер кодексине" каршы келерин айтышат. Мэр Айбек Жунушалиев бардык иш мыйзамга жана шаардын башкы планына ылайык жүрүп жатканын билдирди.
Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, кылмыш иштери боюнча экспертиза жүргүзүүдө күч органдары кийлигишерин айтып чыккан Жоомарт Карабаевди сот күнөөлүү деп тапты.
10-июндан тартып мыйзамсыз мигранттарды текшерүү башталат. УКМКнын маалыматына ылайык, өлкөдө 5 миңдей мигрант мыйзамсыз жүрөт. Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйгөн. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.
Дагы жүктөңүз