Жаңылыктар | 27.05.2025 | Пробация жана 50 миң сом айып. Жоомарт Карабаевге өкүм чыкты
Көз карандысыз экспертиза жүргүзүүдө "күч органдары кийлигишерин" айтып чыккан Жоомарт Карабаевге сот пробациялык үч жылдык жаза чегерип, 50 миң сом айыппул салды. Карабаев өзү айыпты четке какты. Киевге курал-жабдык берген Украинанын Батыштагы өнөктөштөрү мурдагы чектөөнү алып салды. Ал тапта Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Орусияга санкция салууну карап жатканы кабарланды. "Киргизия" конушундагы кызыл чектен чыгып кеткен деген дубалдары түрттүрүлгөн үй ээлери мэриянын үстүнөн сотко арызданат. Мэрия шаардын башкы планына ылайык иш жүрүп жатканын билдирди.
Шерине