Украинанын Коопсуздук кызматы (СБУ) Крым (Керчь көпүрөсү) көпүрөсүнүн түркүктөрүнүн бирин суу астында жардырган операция жүргүзгөнүн билдирди.
Мекеме тараткан маалыматта атайын операция 3-июндун таңында болгону айтылат. Коопсуздук кызматы көлөмү бир тоннадан ашык жардыгыч зат колдонулганын маалымдады.
"Жардыруунун натыйжасында көпүрөнүн бир түркүгү катуу жабыркап, авариялык абалда турат. Жайкын тургундар арасында жаракат алгандар жок", - деп айтылат маалыматта.
Коопсуздук кызматы бул операция дээрлик үч ай даярдалганын жана ал мекеменин башчысы Василий Малюктун көзөмөлүндө болгонун кабарлады.
"Коопсуздук кызматы ойлогонун аягына чыгарат. Биз буга чейин 2022-жылы жана 2023-жылы эки ирет чабуул жасаганбыз. Бул жолу да ошол салтты улантып, суу алдында ишке ашырдык", - деди Василий Малюк.
Орусиянын мамлекеттик маалымат агенттиги РИА Новости 3-июнь күнү таңкы саат 6:00дө көпүрөдө кыймыл убактылуу токтотулганын жазган.
Орусиянын Коргоо министрлигине жакын "Рыбарь" каналы кыймыл убактылуу токтотулганын жана учурда ал калыбына келгенин кабарлады.
Жардыруу жана анын кесепеттери боюнча көз карандысыз булактар маалымат жарыялай элек.
Узундугу 19 чакырымдык көпүрө Орусиянын аймагын Крым жарым аралы менен байланыштырып турат. Украинанын аймагы саналган Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялап алган. Орусия Украинага кол салган согушта көпүрө орус аскерлерин камсыздоочу негизги жолдордун бири. Көпүрө 2020-жылы ачылган. 2022-жылы 8-октябрда алгачкы жардыруу болгон. Экинчиси 2023-жылы 17-июлга караган түнү уюштурулган. Орусия бул көпүрөнү жарым аралдагы армиясын тамак-аш, курал-жабдык менен камсыздоо үчүн колдонуп келет. (AiA)
Шерине