Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Айзиректин өлтүрүлүшү тууралуу талаштуу пост жазган блогердин агасы дагы сурак берди


Айзирек.
Айзирек.

Ошто бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесине баргандан кийин күйөөсү атып өлтүргөн Айзирек аттуу келин тууралуу талаштуу пост жазган блогер Айбек Улановдун байкеси дагы милицияда сурак берди. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.

Анын алдында адвокат Улановдун жоопко тартылышын талап кылып кол топтоп жатышканын, бирок блогердин өзүн милицияда иштейм деп тааныштырган агасы чалып аны опузалаганын айтып чыккан. Абдыкапаров анын кайрылуусунан кийин Улановдун агасы да милицияга жеткирилгенин билдирдип, колуна кишен салынып, камуфляжчан адамдардын коштоосунда турган адамдын видеосун жарыялады.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы азырынча комментарий бере элек.

Айбек Уланов аттуу блогер Айзирек өлтүрүлгөндөн кийин ага байланыштуу талаш-тартыштуу пост жазган. Социалдык тармактарда аны маркум келинди мазактоого, анын атып өлтүрүлгөнүн актоого байланыштуу айыптап, жоопко тартылышын талап кылгандар чыккан.

Шаардык милиция Айбек Улановду 30-майда суракка алган, анын билдирүүсүнө байланыштуу териштирүү башталганын билдирген. Уланов өзү ката кетиргенин мойнуна алып, маркумдун жакындарынан, коомчулуктан кечирим сураган жана мыйзамдарда каралган жазага тартылууга даяр экенин билдирген.

Айбек Улановдун жоопкерчилигине байланыштуу маселени Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 3-июндагы жыйынында депутат Айсулуу Мамашева дагы көтөргөн.

Парламентте ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев тийиштүү экспертизалар дайындалганын, анын жыйынтыгы менен блогердин аракетине укуктук баа берилерин маалымдаган.

26-майда Өзгөндөгү Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин Айзирек аттуу келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аны атууга шек саналып күйөөсү, Кара-Кулжа районунун тургуну камакка алынган. Ички иштер министрлиги анын куралы буга чейин каттоого, текшерүүгө алынбаганын ырастап, буга байланыштуу айрым милиция кызматкерлери жазалаганын жарыялады.

Маркумдун артында беш баласы калды.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.

Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон.


Шерине

XS
SM
MD
LG