3-июнда Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. Би-би-си радиосу экзитполдун алдын ала жыйынтыктарына таянып, Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён алдыга оозуп чыкканын жазды.
Жергиликтүү KBS, MBC жана SBS телеканалдарынын биргелешкен экзитпол сурамжылоолоруна ылайык, Ли Чжэ Мён 51,7% добуш алса, бийликтен четтетилген буга чейинки президент Юн Сок Ёлдун консервативдүү "Жарандык күч" партиясы көрсөткөн Ким Мун Сун 39,3% добуш алган.
JTBC каналынын сурамжылоосу Ли Чжэ Мён 50,6%, Ким Мун Сун 39,3% добуш алганын көрсөттү.
Ли Чже Мён буга чейинки президенттик шайлоого катышып, Юн Сок Ёлдон бир пайызга азыраак добуш менен артта калган. Ким Мун Су экс-президенттин тушундагы өкмөттө министр болгон.
Шайлоодо дагы үч талапкер ат салышты. Экзитполдун маалыматында алардын көрсөткүчү төмөн экени айтылат.
Түштүк Кореянын парламенти былтыр 14-декабрда ошол маалдагы президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоону колдогон. Буга анын 3-декабрда күтүүсүз аскердик абал жарыялашы түрткү болгон.
Жыл башында сот аны камоого расмий ордер берген жана ал тарапташтарынын каршылыгына карабай камакка алынган. Март айында тергөө абагынан чыккан жана өзүнө байланыштуу иштердин баарын мыйзамсыз деп сыпаттаган. (AiA)
Шерине