Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Садыр Жапаров Атамбаев кайрылса ага мунапыс бериши мүмкүн экенин билдирди


Биринчи май райондук соту 3-июнда Кой-Таш окуясына байланыштуу Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече кишиге өкүм чыгарды.
Биринчи май райондук соту 3-июнда Кой-Таш окуясына байланыштуу Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече кишиге өкүм чыгарды.

Президент Садыр Жапаров Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолгондор тууралуу пикирин билдирди. Ал 4-июнда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде "соттордун ишине кийлигишпегенин, нааразы тарап жогорку инстанцияга кайрылса болорун" айтты. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сот чечимин эч ким өзгөртө албасын, бирок ал мунапыс сурап кайрылса аны аткарышы мүмкүндүгүн билдирди.

"Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Менин дагы укугум жок. Менин башка укугум бар. Ал - мунапыс берүү. Эгер арыз менен кайрылышса, мунапыс берсем болот. Кой-Таш окуясына алты жыл болуптур. Сууп деле калган. Соттор мынча катуу кетпесе деле болот эле деп ойлойм. Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык оюм. Пробация же айып пул салуулар менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм. Бирок бир чети, ал окуяда адам өлүп жатат. Жүзгө жакын киши жаракат алып жатат. Соттун чечими оор болобу же жеңил болобу, кандай болгондо да, ал - мыйзам чегинде кабыл алынды. Баш ийишибиз керек. Акыркы убактарда баарыңар эле күбө болуп келе жатпайсыңарбы, актап жатышат, мисалы, кемпир-абадчылар үй камагына чыгарылып, пробация берип коюп жатышат. Демек, сот процессинде баары аныкталып, анан соттор ошондой чечим чыгарганга туура келип жатса керек деп, соттордун чечимдерине кийлигишкен жокпуз жана мындан ары да кийлигишпейбиз",-деди Жапаров.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда Кой-Таш окуясына байланыштуу Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече кишиге өкүм чыгарды. Ага ылайык, Атамбаевге 11 жыл 6 айга камоо, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу, мүлкүн мамлекетке алуу түрүндөгү жаза чегерилди.

Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязовду, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбековду 7 жыл 8 айдан жана Ирина Карамушкинаны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алуу өкүмү жарыяланды. Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиевге 5 жыл 6 ай чегерилди.

Канат Сагымбаев, Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев 3-5 жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү жаза алышты.

Ал эми жемкорлук тууралуу айыптар боюнча мурдагы вице-премьер-министр, эл аралык издөө жарыяланган Аскарбек Шадиевге 15 жыл 6 ай берилди. Анын да мүлкү мамлекеттин пайдасына чегерилери белгиленди.

Калган айыпталуучуларга "мөөнөтү өттү" деген негизде жаза чегерилген жок.

Соттолгондор күнөөсүн мойнуна алган эмес жана кылмыш иштин саясий өңүтү бар экенин айтып келишкен.

Биринчи май райондук соту Атамбаевге жана дагы айрым кызмат адамдарына, анын тарапташтарына козголгон бир нече ишти бириктирип карады. Биринчиси Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуудагы, экинчиси Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу коррупция жана үчүнчүсү 2019-жылдагы аны Кой-Таштагы үйүнөн кармоо учурундагы бир адамдын өлүмү менен коштолгон башаламандык фактылары боюнча.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу да Атамбаевге иш козголгон. Ал боюнча быйыл 17-апрелде Биринчи май райондук соту мурдагы президентти күнөөлүү деп тапкан, бирок мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза чегерген эмес.

Мурдагы президент борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү иштери боюнча да айыпталган. Биринчи май райондук сотунда 2022-жылы актаган өкүм чыккан.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG